Татарстанда мамлекеттик расмий тил болгон татар тили милдеттүү түрдө эмес, окуучулардын жана ата-энелердин каалоосу боюнча окутулушу керек деген чечим кабыл алынды.
Прокуратура окуу жайлардын жетекчилерине татар тилин милдеттүү мектеп программасынан алып салуу боюнча көрсөтмөнү окуу жылынын башында эле жөнөтө баштаган. Ошондой эле орус тили жетиштүү окутулбай жатат деген жүйө айтылып, окуу программаларын өзгөртүүнү талап кылган.
Татар республикасында тил маселеси президент Владимир Путиндин июль айында "Орусиянын мектептеринде биринчи кезекте орус тили үйрөтүлүшү керек" деген билдирүүсүнөн кийин курчуган. Анда Путин орус тектүүлөр чакан этностор жашаган аймактардын тилин үйрөнүүгө мажбурланып жатканын белгилеген.
- Кайсы бир адамды өз эне тили болбогон тилди үйрөнүүгө мажбурлоого, ошондой эле Орусиянын этностук республикаларында орус тилди үйрөтүү сааттарын кыскартууга болбойт, - деп билдирген Владимир Путин.
Татарстандын Баш мыйзамы боюнча орус тили менен татар тили мамлекеттик тилдер жана мектептерде бирдей өлчөмдө милдеттүү окутулушу керек. Жергиликтүү бийлик бутактарында жана мамлекеттик мекемелерде эки тил бирдей колдонулат.
Татарстандын президенти Рустам Минниханов тил маселесин саясатташтырбоону суранган болчу:
- Биз прокуратура менен бирге иштеп, окуу программаларын тийиштүү талаптар боюнча оңдогонбуз. Бул ишти аягына чейин өзүбүз бүтүрмөкпүз. Мен прокуратурага жана Башкы прокуратурага дагы кайрылып, Орусиянын Билим берүү министрлиги менен бул иштин акырына чыгуу үчүн убакыт гана берүүнү суранганбыз. Биз чогуу бир чечим кабыл алат элек, методиканы жана сааттарды өзгөртмөкпүз. Иштер жүрүп жатат, бул маселени саясатташтырбаш керек.
Татар коомчулугунда илим жана маданият өкүлдөрү болсо республиканын өкмөтүнө ачык кат жөнөтүшкөн. Ага 18 миңден ашык адамдын колу коюлган.
"Силердин алдыңарда эки жол турат. Биринчиси - силер татар тили үчүн күрөшүп, жеңилип калсаңар, башынарды ойдо көтөрүп чыгып кетесиңер. Экинчиси - өзүңөрдүн жылуу орундарыңарда калып, бирок татар тилин тарыхтын таштандысына калтырасыңар. Экинчи жолду тандасаңар, эл силерди кечирбейт" деп жазылган кайрылууда.
Ал эми октябрдын аягында маданият өкүлдөрү Казанда акцияга чыгып, көчөдө татар тилинде ырларды ырдашкан.
Татарстандын Дин башкармалыгынын башчысы Камил Самигуллин дагы татар тилин колдоого алып, "аймакта татар тили менен ислам дини тагдырлаш" деген.
6-ноябрда болсо 150дөй адам жүрүшкө чыгып, республиканын Баш мыйзамында татар тили орус тили сыяктуу эле мамлекеттик тил деп белгиленгенин эскертишип, Москвадагы жана Казандагы өкмөт өкүлдөрүн мыйзамды сыйлоого чакырышкан. Алар ошондой эле бийликти бөлүштүрүү боюнча Москва менен Казандын ортосундагы келишимди жаңылоону талап кылышкан. Москва менен Казандын ортосундагы бийлик бөлүштүрүү боюнча келишимдин мөөнөтү быйыл августта аяктаган. 1994-жылы кабыл алынган келишимде Татарстан салык саясатын жүргүзүү, Улуттук банк түзүү, жаратылыш ресурстарын жана мамлекеттик менчиктерди өз алдынча колдонуу укуктарына ээ болгон. Кийин 2007-жылы жаңыртылган келишимде экономикалык укуктар кыскартылып, татар өкмөтүнө татар тилинде жарандарга паспорт берүүгө уруксат берилген.
Ошол эле маалда Татарстанда жашаган орус тектүүлөр балдары мектептерде татар тилин окууга мажбурланып жатканын айтып, нааразычылык билдирип келишет. Алар өздөрүнүн "Татарстандагы орус тилдүү ата-энелер" комитетин түзүп алышкан.
Мындай ата-энелердин бири Ольга Зиятдинова Казандагы кадеттер мектебин сотко берген. Баласы мектепте жети жыл бою татар тилин окуганы үчүн ал мектептен 3 миллион рубль компенсация талап кылып келет:
- Мен татарча билем, өзүм орусмун. Орусияда орус тили жылына 1200 саат окутулушу керек, Татарстанда 700 саат эле окутулат. Бул орус тили окутулбай калган сааттар үчүн компенсация төлөп беришсин.
Татарстандын төрт миллион эли бар. Орусиянын статкомитети жүргүзгөн акыркы каттоодо калктын 53 пайызы татар тилин эне тил катары көрсөткөн. Казандагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бейшенбек Муканбетов коомчулукта болуп жаткан маанай жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду.
- Татар эли өзүнүн тилин, каада-салттарын жана улуттук кийимдерин аябай кастарлашат. Айылда да, шаарда да татар тилинде сүйлөшөт. Албетте азыркы болуп жаткан иштерге нааразы болуп турушат. Биздин балдар деле мектептерде татар тилин үйрөнүшчү. Кыргыз тили менен татар тили окшош болгондуктан, кыйынчылык деле жок болчу. Негизи татар тилин гана үйрөнгүлө деген деле жок болчу, кааласа орус мектептерде окушчу. Татарстанда расмий 3,5 миң кыргыз жараны бар, бейрасмий көп. Мен өзүм татар кызын алгам, келиндерим татар. Бул жакта отуз жылдан ашык убакыттан бери жашайм.
Орусия Федерациясында 22 жумурият, төрт автономдук аймак жана бир автономдук облус бар. Өлкөдө 200дөн ашуун ар кыл этностордун өкүлдөрү байырлашат. Ноябрдын ортосунда Мамлекеттик Дума улуттук тилдер жана алардын мектептерде окутулушу боюнча кандайдыр бир чечим чыгарары күтүлүүдө.