Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Ташкентте белгилүү блогер Насреддинов камалды


Белгилүү блогер, журналист жана экономика мугалими Хает Хан Насреддинов.
Белгилүү блогер, журналист жана экономика мугалими Хает Хан Насреддинов.

Өзбекстандык белгилүү блогер, журналист Хает Хан Насреддинов камакка алынды. Ал учурда Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайында камакта экени кабарланууда. Насреддинов Ташкентте 20-октябрда эле камакка алынса да, анын кесиптештерине бул тууралуу 6-ноябрда гана маалым болгон. Ташкенттик журналист Алексей Волосевичтин айтымында, Насреддиновдун үй-бүлөсү маалымат каражаттары менен байланышуудан баш тартышууда. Волосевич аларга атайын күчтөр тыюу салып жатышы мүмкүндүгүн жана блогердин камалышы Бобомурод Абдуллаевдин иши менен байланыштуу болушу ыктымалдыгын жоромолдоодо.

Хает Хан Насреддинов "Фергана" маалымат агенттиги менен да кызматташып келген. Агенттиктин башкы редактору Даниил Кислов Насреддиновдун камалганына 15 күн болсо да анын кармалышынын себептери тууралуу бир да расмий маалымат чыга электигин айтты.

Насрединов өз макалаларында Өзбекстандагы саясий жана социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп келген жана Орусиядагы өзбек мигранттарынын жашоосу тууралуу да жазчу. Блогер 2012-жылдары "Азаттыктын" өзбек кызматы менен да иштешкен.

XS
SM
MD
LG