Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Йеменде Араб коалициясынын соккусунан 26 адам өлдү


Соккудан кийин кыйраган жай
Соккудан кийин кыйраган жай

Сауд Арабиясы баштаган коалициянын 1-ноябрдагы аба чабуулунан Йеменде кеминде 26 адам өлгөнүн медициналык кызматкерлер менен күбөлөр билдиришүүдө.

Сокку өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Саада провинциясындагы мейманкана менен ага жакын базарга урулган.

Хусит козголоңчулары ушу тапта Йемендин басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турат. 2014-жылы Йемендин борбору Сананы басып алган соң президент Абд-Раббу Мансур Сауд Арабияга качууга аргасыз болгон.

Сауд Арабия баштаган коалиция менен хуситтердин кармашынан жана гуманитардык кризистен улам өлкөдө 10 миңден ашуун адам өлдү. Бирок азырынча эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү кайра бийликке алып келүү аракетинен майнап чыга элек.

Йемен бийлиги хуситтерди колдойт деп Иранды айыптайт. Тегеран муну четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG