Лимон жыттанган мектеп күнөсканасы
Базар-Коргон районунда миңге чукул бала окуган мектептин жамааты өлкөдө биринчилерден болуп өздөрү курган күнөсканадан лимондун түшүмүн жыйнаганы турат. Мектеп жамааты буга чейин эки жылдан бери жашылча өстүрүп, окуучулардын ысык тамагына колдонушчу. Чарбакер педагогдордун аракетин кабарчыбыз Руслан Калматов барып өзу көрүп келди.