Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Канатбек Исаевге козголгон ишти парламенттик комиссия иликтейт


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Жогорку Кеңеште бүгүн «Кыргызстан» фракциясынын камактагы депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш иштин чоо-жайын иликтөө боюнча комиссия түзүү сунушу көтөрүлдү.

Эл өкүлү Алмазбек Баатырбеков фракция кезексиз жыйында ушундай чечимге келгенин билдирди.

Бирок айрым депутаттар маселени Канатбек Исаевге буга чейин козголгон ишти иликтеген депутаттык комиссияга тапшырууну сунушташты. "Кыргызстан" фракциясынын өкүлдөрү буга макул болушту. Көпчүлүк добуш менен үч депутат боюнча жазында түзүлгөн комиссия баарын кошуп иликтемей болду.

Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (калайман башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) беренелерине ылайык иш козгогон. Анын алкагында УКМК депутатты 30-сентябрда кармаган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Канатбек Исаев тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Депутат, анын жакындары жана саясий өнөктөштөрү ал саясий негизде камакка алынды деп билдирип жатышат.

Быйыл 11-майда атайын кызмат Исаевге Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча козголгон иштин негизинде да айыбын угузган. Анын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссия түзүлүп, 31-майда ал депутаттар Акылбек Жапаров менен Игор Чудиновго козголгон кылмыш ишти чогуу иликтемей болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG