Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:03

Нью-Йорк: Террорчу автоунаа менен элди тебелеп, сегиз киши набыт болду


Жаракат алган айымга алгачкы көмөк көрсөтүү учуру. Төмөнкү Манхэттен, Нью-Йорк. 31.10.2017.
Жаракат алган айымга алгачкы көмөк көрсөтүү учуру. Төмөнкү Манхэттен, Нью-Йорк. 31.10.2017.

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кетти. Бул кол салуунун айынан алты киши дароо набыт болуп, эки киши кийинчерээк ооруканада каза тапты жана кеминде 11дей киши жаракат алды. Полиция кол салган айдоочуну курсагына атып, колго түшүрдү.

Нью-Йорк шаарынын мэри жана башка бийлик өкүлдөрү 31-октябрда чукул өткөрүлгөн маалымат жыйынында бул окуяны «террордук чабуул» катары айыпташты.

АКШ президенти Доналд Трамп өзүнүн Твитердеги баракчасында Нью-Йорктогу террордук чабуулду терең айыптады: “Нью-Йорк шаарында бир оорулуу жана акылынан азган киши дагы бир чабуул жасаган сыяктанат. Мыйзамдуулукту камсыздоо күчтөрү бул окуяны кылдат иликтөөдө. (Мындайга) АКШда жол жок!”

АКШнын Федералдык тергөө мекемеси иликтөө баштады. Полиция шектүүнүн ким экендигин аныктаганын билдиргени менен, анын аты-жөнүн жана этностук тегин тергөө кызыкчылыгы үчүн деген жүйө менен ачыктап айткан жок. Маалымат каражаттары террорго шектелген кишинин 29 жашта экенин белгилешүүдө.

Си-Би-Эс сыналгы компаниясы болсо шектүүнүн ысымын Сайфулло Хабибиллаевич Саипов катары кабарлап, анын АКШда 2010-жылдан бери байырлап келгенин, Нью-Йорк шаарынан Флорида штатындагы Тампа жергесинен келгенин маалымдады.

Окуя Хеллоун майрамынын урматына оюн-зоок болот деп жаткан жайга чукул жерде болду. Окуянын күбөлөрү атылган октордун доошун жана «Алла – баарынан улук» ("Алла акбар!") деп арапча кыйкырган үндү угушкан. Ал жерде мектеп окуучуларын ташыган автобус да турган.

Нью-Йоркто машине бир нече кишини тебелеп кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:27 0:00

XS
SM
MD
LG