Passportindex.org сайты 25-октябрда жарыялаган рейтингге ылайык, кыргыз паспорту мүмкүнчүлүгү жагынан 69-орунду ээледи. Маалыматта Кыргызстандын жарандары 58 мамлекетке визасыз барса болору айтылат.
Казакстандын паспорту 56-тепкичти ээлеп, Борбор Азияда сап башында. Тажикстан менен Өзбекстан 72, Түркмөнстан 78 катарда.
Рейтингде биринчи орунда Сингапур турат. Бул мамлекеттин жарандары 159 мамлекетке түз бара алышат.
Германия экинчи, Түштүк Корея менен Швеция үчүнчү орунда. АКШ алтынчы, Орусия 41-тепкичте.
Эң алсыз паспорт Ооганстанга таандык. Бул өлкө жарандары 22 мамлекетке гана визасы жок барса болот.
Рейтингге 199 мамлекет киргизилген. (SE)