Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Ысык-Көлдө адам сатууга каршы веложүрүш өттү


Ысык-Көлдөгү веложүрүштүн катышуучулары
Ысык-Көлдөгү веложүрүштүн катышуучулары

Каракол шаарында адам сатууга каршы жүз күндүк өнөктүк алкагында веложүрүш уюштурулду. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Караколдон велосипед менен чыккан ондогон жаштар Ак-Суу районунун Маман айылына чейин келишти.

Акцияга негизинен студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Алар өнөктүктү улантуу эстафетасын Нарын облусуна өткөрүп беришти.

Адам сатууга каршы акцияны жергиликтүү бийлик менен ЮНИСЕФ уюму уюштурду.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында 5000 адам кулчулукка кабылган. Өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылса, алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес. (AsM)

XS
SM
MD
LG