Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

ИИМдин эки кызматкери пара менен кармалды


Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов ырастады. Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 313 жана 304-беренесинин (пара алуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоду. Иш УКМКга өткөрүлүп берилип, милиция кызматкерлери аталган мекеменин убактылуу кармоо жайына камалды.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү жана ИИМдин Ички тергөө кызматы 18-октябрда кармаган. Ошол учурда алардын жанынан 400 доллар алынган. Учурда тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG