Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Каталония көз карандысыздык маселесине тактык киргизген жок


Карлес Пучдемон көз карандысыздык декларациясына кол коюуда. Барселона, 10-октябрь, 2017-жыл.
Карлес Пучдемон көз карандысыздык декларациясына кол коюуда. Барселона, 10-октябрь, 2017-жыл.

Испания өкмөтү өлкөнүн бул автоном аймагынын президенти алар көз-карандысыздыкты жарыялаган-жарыялабаганына тактык киргизе алган жок. Расмий Мадрид мындай тактоо талап кылынган акыркы мөөнөт катары 16-октябрды атаган болчу.

Каталония президенти Карлес Пучдемон болсо бул мөөнөт бүтөр алдында жарыяланган катында Испания өкмөтү менен эки ай сүйлөшүү өткөрүүгө чакырды.

Испаниянын вице-премьер-министри Сорая Саенс де Сантамарианын айтымында, аларды каталон президенти Карлес Пучдемондун жообу канааттандырган жок. Андыктан Мадрид эми Пучдемондон Каталонияны 19-октябрга чейин Испаниянын мыйзамдык талаасына кайтарууну талап кылууда.

Буга чейин Пучдемон 10-октябрда аймактык парламентте сүйлөгөн учурунда 1-октябрдагы референдум аларга “көз карандысыздыкты” жарыялоо мандатын бергенин белгилеп, бирок тиешелүү декларациянын күчкө киришин испан өкмөтү менен сүйлөшүүгө аракеттенүү үчүн “бир нече аптага” токтото турууну сунуштаган.

Расмий Мадрид жана Евробиримдик 1-октябрдагы референдумду мыйзамсыз деп атаган болчу.

1-октябрдагы талаштуу референдумда Каталониянын шайлоого укуктуу калкынын 43% же 2,3 миллиону добуш берген эле. Аймактык бийликтер алардын 90% көз карандысыздыкты колдоду деп жарыялашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG