Талас: шайлоого нааразылардын митинги
Талас шаарында шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор митинг өткөрүп жатышат. Облустук бийлик имаратынын алдында 500-700дөй адам чогулуп турат. Алар “Республика” партиясынын лидери, президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун штабынын жанында чогулуп, андан соң Кыргызстандын желегин көтөрүп алып шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып чыгышкан.