Австрияда 15-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы эсептелип жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, консервативдүү Австрия элдик партиясы алдыда баратат. Аталган партияга шайлоого катышкан элдин 36,5% добуш берген. Ал эми Австрия эркиндик партиясы 29,4%, социал-демократтар 23 пайыз добушка ээ болушту.
Эгерде шайлоонун акыркы жыйынтыгы ушул өңүттө чыкса, өлкөнүн учурдагы тышкы иштер министри, 31 жаштагы Себастьян Курц Австриянын канцлери болушу мүмкүн. Ал социал-демократтарды өзүнүн саясий оппоненти катары көрөт, Австрияга келген мигранттардын санын кескин азайтуу чараларын сунуштап келет. Курц парламенттеги көпчүлүк коалицияны ашынган оңчул Австрия эркиндик партиясы менен түзүшү мүмкүн. Шайлоого чейин тышкы иштер министрлигин жетектеген Себастиан Курц Европадагы эң жаш министр. Бул кызматка 27 жашында келген.
Шайлоонун акыркы жыйынтыгы бүгүн белгилүү болот.