Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:48

Жээнбеков: Атамбаевдин реформалык багытын улантам


Сооронбай Жээнбеков добуш берди. 15.10.17.
Сооронбай Жээнбеков добуш берди. 15.10.17.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков утушка жетсе, Кыргызстандын азыркы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин реформалык багытын улантат. Бул тууралуу ал бүгүн добуш берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Мен Алмазбек Атамбаевдин курсун улантам. Менин негизги максатым – жетишкендиктерди бекемдөө жана реформалардын жаңы этабын ишке ашыруу”, - деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле теледебаттардын экинчи туруна катышпаган себебин түшүндүрүп: “Биз экинчи турга катышууну пландаган эмеспиз. Эки дебатка катыштым, ошол жетиштүү деп эсептейм. Үгүт маалында шайлоочулар менен түздөн-түз жолугушуу маанилүү”, - деди.

Кыргыз-казак чек арасындагы соңку абалга токтолуп, Жээнбеков: “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык. Казакстан биздин боордош өлкө. Бири-бирибизди урматташыбыз керек. Эгер лидерлер бирин бири сыйласа, бардык маселелер чечилет”, - деп билдирди.

Ошону менен катар Жээнбеков бул шайлоо өтө чоң атаандаштыкта өтүп жатканын кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. 11 талапкер ат салышууда.

Жээнбековду талапкер кылып бийликтеги социал-демократтар (КСДП) партиясы көрсөткөн.

Буга чейин айрым талапкерлер менен жарандык коом өкүлдөрү бийлик КСДПнын өкүлүн сүрөп, административдик ресурсту колдонуп жатат деп айыпташкан.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев, бүгүн буга чейин эл менен жолукканда, шайлоо таза жана демократиялуу жол менен өткөрүлүп, жарандардын добушун толугу менен ачык эсептөө камсыз болорун билдирген.​ (RK)

XS
SM
MD
LG