Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Ош: Добушканада журналисттерге басым жасалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарындагы №5325 шайлоо участогунда "Азаттык" радиосунун жана НТС телеканалынын журналисттерине басым жасалды.

Шайлоо жараянын чагылдырууга келген журналисттерге эшик алдында турган чымыр денелүү ондон ашуу жигит тоскоолдук кылып, тарткан видео-сүрөттөрдү өчүртүп салууга аракет жасашты.

Милиция кызматкерлери ичке кирүүгө уруксат бербей, "жогору жактан ушундай буйрук келгенин" айтышты.

Ортодо талаш жаралып, ызы-чуу чыккандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Абитова чыгып журналисттерди ичкери киргизүүгө уруксат берди.

Мурдараак ушул участкада НТСтин кабарчысы Мирбек Айтикеев токмоктолгонун билдирген. Бул боюнча УИК адистери комментарий берген жок.

Талаш басылган соң Абитова журналисттерге сүйлөп, ар бир телеканал кезек менен гана тартууга акылуу экенин айтты. Бирок бул талап кандай буйруктун негизинде экенин түшүндүрүп бере алган жок.

Ош шаарындагы дагы бир участокто АкиПресс маалымат агенттигинин кабарчысына белгисиз бирөөлөр кол салып, камерасын тартып алышканы да кабарланды.

Милиция бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG