Сатыбалдиев: Шайлоонун акыйкаттыгына күмөн саноо күч
Президенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы толугу менен өз милдетин аткара албай жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Саясатчынын пикиринде, эгер бийлик шайлоого байланыштуу мыйзам бузууларды алдын албаса добуш берүү жыйынтыгына күмөн саноолор болушу мүмкүн. Ошондой эле экс-премьер учурдагы өкмөттүн Кумтөр, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады жана “Альфателекомду” сатууга байланыштуу иштерин сынга алды.