Кочкор-Атада талапкерлер орун талашты
Талапкер Өмүрбек Бабановдун Сузак районундагы штабы райондук милиция жетекчилиги кысым көрсөтүп, жалаа менен иш козгоду деп, прокуратурага кайрылды. Ал арада Кочкор-Ата шаарында Сооронбай Жээнбековдун, Адахан Мадумаровдун жана Темир Сариевдин жолугушуулары бир күндө өтүп, талапкерлер ортосунда бири-бирин каралоо болду.