Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:48

Канатбек Исаевдин соту жылдырылды


Канатбек Исаев парламент отурумунда.
Канатбек Исаев парламент отурумунда.

Канатбек Исаевдин коррупцияга айыпталып жаткан иши боюнча соттук отурум 9-октябрда Биринчи Май райондук сотунда болмок. Сотко айыпталуучу алып келинбегенине байланыштуу сот процесси 16-октябрга жылдырылганын Исаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде "муниципалдык жер участогун жеке компанияга карматкан жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыпталган.

Ошондой эле ага Токмок шаарынын мэри болуп турганда китепкананын жерин арзан баада сатып жиберген деген кине коюлган.

"Кыргызстан" партиясынын лидери, ЖК депутаты Канатбек Исаевди УКМК 30-сентябрда кармап, камакка алган. Башкы прокуратура ал "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын маалымдаган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Канатбек Исаев тергөө аяктаганга чейин камакка алынган. Исаевдин жакындары жана саясий өнөктөштөрү ал саясий негизде камакка алынды деп билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG