Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы: Жумакадыров жаңы муундагы саясатчылардын алдыңкысы эле


"Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылынын мүчөлөрү
"Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылынын мүчөлөрү

Темир Жумакадыровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы мекендештердин эч кимисин кайдыгер калтырган жок, ал жаңы муундагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сап башында болчу. Бул билдирүүнү “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы таратып, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышууда.

"Темир Жумакадыров 2017-жылдагы президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча өкмөттүн штабынын жетекчиси катары биз менен тыгыз иштешип келген" деп жазылат билдирүүдө.

“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы 12-сентябрда түзүлүп, ага экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер мүчө.

7-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров автоунаа кырсыгына кабылып, каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 9-октябрда Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.

7-октябрда таңкы саат 7:30дарда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы Чүйдүн Москва районунда “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан вице-премьер-министрдин жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов да каза болду. (SDz)

XS
SM
MD
LG