Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Өзбекстан: бир журналист бошосо, экинчиси камалды


Бобомурод Абдуллаев (Усман Хакназаров).
Бобомурод Абдуллаев (Усман Хакназаров).

Өзбекстанда узак мөөнөт абакта отурган журналист эркиндикке чыкса, көз карандысыз башка журналист камакка алынды.

4-октябрда өзбек бийликтери тогуз жылдан ашуун абакта отурган Солиджон Абдурахмановду түрмөдөн чыгарды. 27-сентябрда Ташкентте көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев "мамлекеттик төңкөрүш жасоого” аракет жасаган деген негизде камакка алынды.

Карши шаарындагы түрмөдөн чыккан журналистти укук коргоочулар тосуп алышты. 67 жаштагы Солиджон Абдурахманов 2008-жылы маңзат колдонот деген айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

“Мен бүгүн жаза өтөөдөн азат кылындым. Мен муну өтө узак күттүм. Балдарыма, неберелериме кайтып келүү чоң бакыт" - деген журналист мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушун Өзбекстандагы жаңы замандын талабы менен болду деп ойлойт.

Темир тор артында тогуз жыл төрт ай отурган Абдурахманов эркиндикке чыккандан кийин "Азаттык” радиосунун өзбек кызматындагы кесиптештери менен сүйлөшкөндө анын эркиндикке чыгышы үчүн күрөшкөндөргө ыраазычылык айтты.

Узак жылдар бою журналист менен кызматташкан Uznews.net интернет порталынын мурдагы баш редактору Галима Бухарбаева абактагы кесиптеши Өзбекстанда бийлик алмашканынын шарапаты менен эркиндикке чыкканын баса белгилейт.

Абдурахманов Каракалпакстанда иштеген көз карандысыз саналуу журналисттердин бири эле. Бир кезде “Азаттыктын” өзбек кызматы менен кызматташып, кийин Uznews.net интернет порталы менен иштешкен.

Журналист Каракалпакстандагы адам укуктары жана соолуп бараткан Арал деңизинин абалы тууралуу макалаларды жазып турган.

2008-жылы анын машинесинен маңзат табылган. Аны маңзат колдонот деп айыпка жыгышкан. Экспертиза анын маңзат колдонбогонун көрсөткөндөн кийин журналистке баңги заттарын сатат деген кине коюшкан.

Абакта отурган жылдары Солиджон Абдурахманов өзүнө тагылган айыпты жокко чыгарып, маңзатты анын машинесине милиция кызматкерлери таштап койгонун айтып келген.

Бийликти сындаган журналист камалды

27-сентябрда Ташкентте көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев "мурунку жана учурдагы президенттерден бийликти тартып алууга" аракет жасаган деген негизде камакка алынды.

Тергөөнүн алдын ала тыянагына караганда, 44 жаштагы журналист "Усман Хакназаров" деген ысым менен интернетке макалаларды жарыялап, шайланган жетекчилерден бийликти тартып алууну пландаштырган.

1-октябрда Ташкенттин Юнусабад райондук соту аны 10 күнгө камакка алууга чечим чыгарган. Журналист Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалды.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын колуна тийген соттун чечиминде “Абдуллаев Өзбекстан элдик кыймылынын” мүчөсү катары бул уюмдун жетекчиси Мухаммад Салихтин көрсөтмөсү менен 2011-жылдан бери интернетте Өзбекстандагы конституциялык түзүлүштү кулатууга багытталган макалаларды жайылткан» деп жазылган.

3-октябрда Стамбулда оппозициялык “Өзбекстан элдик кыймылынын” жетекчиси Мухаммад Салих 14 жыл бою Бобомурод Абдуллаев Каримовдун режими менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын бетин ачкан макалаларды “Усман Хакназаров” деген ысым менен жазып жүргөнүн айтты.

"Бобомурод Абдуллаев (Усман Хакназаров) өз эли үчүн 14 жыл Каримовго, кийин Каримовдон калган саркындыларга каршы күрөштү. Улуттук коопсуздук кызматы Мирзиёев баштаган иштерге, либералдык чечимдерге чоң тоскоолдук жаратууда. Мирзиёевдин бүтүндөй өзгөрүүлөргө умтулууларына Инаятов саботаж кылып жатат. Муну Мирзиёев билиши керек. Бобомурод Абдуллаев (Усман Хакназаров) мына ушул саботажга каршы күрөшкөн адам. Мирзиёев аны боштондукка чыгарыш керек".

Тергөөнүн материалдары боюнча журналист мамлекеттик жетекчилердин коопсуздугун камсыздаган Равшанбек Салаев жана Шавкатжон Оллоёров деген адамдарды колдонуп, өлкөдөгү саясий социалдык абалды билип турган. Салихтин көрсөтмөсү менен Өзбекстанда конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү көздөгөн «Оруу» деп аталган программаны иштеп чыгышкан. Программанын катышуучулары Улуттук коопсуздук кызматындагы, Ички иштер жана Коргоо министрликтериндеги жооптуу кызматтардагы адамдарды пайдаланып, Ташкент, Фергана, Наваи жана Үргөнч шаарларында төңкөрүш жасоону даярдашкан.

Абдуллаевге коюлган айып далилденсе, Өзбекстандык мыйзамына ылайык, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG