Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

КТРК башчысы талапкерлердин дооматына жооп кайтарды


Коомдук 1-телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков айрым талапкерлер телеканалдын дарегине, өзүнө жана кээ бир кызматкерлерине кысым жасап жатышканын айтып чыкты.

Ал Фейсбуктагы баракчасына президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы КТРКны мыйзам бузууларга айыптап, коркутуп-үркүтүүлөргө өткөнүн жазды. Анын белгилөөсү боюнча, ушул күнгө чейин Бабановдун штабынан да, сот органдарынан да конкреттүү дооматтар көрсөтүлгөн билдирүү-кайрылуу келип түшкөн эмес.

"Шайлоо мыйзамдары бузулса, кайсы бир талапкердин ар-намысына шек келтирилип жатса, тартип коргоо, сот органдарына кайрылуу керек. Мунун ордуна сиздерден жана өкүлдөрүңүздөн коркутуп-үркүтүүлөр болуп, "сиз утуп алгандан кийин менин көрөр күнүм жөнүндө эскертүүлөр жаай баштады" деп белгилеген Илим Карыпбеков Коомдук телеканал жана анын кызматкерлери тарабынан эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирген.

Мындан тышкары ал президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин арызы 25-сентябрда, кечке жуук колуна тийгенин, бул арыз терең иликтенип, тиешелүү мөөнөттө жооп берилерин да маалымдаган.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын атынан президенттик шайлоого аттанган Бакыт Төрөбаев КТРКнын 15 мүнөттүк акысыз эфирин бойкот кылганын жар салып, башка талапкерлерди да өзүнө кошулууга үндөдү. Буга 23-сентябрда КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынан чыккан “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген материал негиз болгон. Төрөбаев аталган сюжетте жалган маалыматтын негизинде бир жактуу каралоо болгон деп эсептейт. Төрөбаевдин штабы бул боюнча 24-сентябрда БШКга арызданган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG