БУУнун Адам укуктары боюнча кеңсеси даярдаган 48 беттик докладда 2014-жылдын февралынан 2017-жылдын сентябрына чейинки маалыматтар камтылган:
- Биздин баяндаманын башкы бүтүмү – акыркы 3,5 жылда Крымда адам укуктары менен негизги эркиндиктер боюнча абал кескин начарлады. Бул - Крымдын оккупациялануусунун тикелей натыйжасы. Буга Орусия федерациясынын укуктук жол-жоболору жана Крымда сынчыл көз карашка, бөлөкчө ойлонууга тыюу салынганы түрткү берди. Биз жарым-жартылай аскерлешкен түзүмдөр, Крымдын өзүн өзү коргоо кошуундары, Орусиянын полициясы менен Федералдык коопсуздук кызматы тараптан олуттуу укук бузуулар боюнча ишенимдүү далилдерди документтештирдик. Ал укук бузуулардын көбү: мыйзамсыз камакка алуулар, камоолор, катаал мамиле жана кыйноолор, адамдардын уурдалышы бийлик тараптан эффективдүү иликтенген эмес, - деди Киевдеги басма сөз жыйында БУУнун Адам укуктары боюнча Украинадагы мониторинг миссиясынын башчысы Фион Фрейзер.
Баяндамада тизмеленген көрүнүштөрдү БУУнун Адам укуктары мекемеси Женева конвенциясын жана эл аралык мыйзамдарды бузуу катары мүнөздөйт.
Орусия Крымды 2014-жылы мартта аннексиялап алган. Буга негиз берген референдумду дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү мыйзамсыз деп атап, тааныган эмес.
Былтыр декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы Украинанын сунушу менен Крымдагы адам укуктары боюнча атайын резолюция кабыл алган эле. Ал документтин текстинде Орусия “оккупант мамлекет”, Крым менен Севастополь “убактылуу оккупацияланган аймактар” катары таанылган. Орусия ошондой эле былтыр БУУнун иликтөөчүлөрүн Крымдын аймагына киргизбей койгон.
Улуттар уюмунун Украинадагы мониторинг миссиясынын өкүлү Виталий Хильконун айтымында, алардын баяндамасы Крымда “эл аралык гуманитардык мыйзамдын эржелери бузулган учурлардын кеңири чөйрөсүн” камтыйт:
- 2014-жылдын 18-мартында болгон окуя (Крым Орусияга кошулган күн) Крым автоном республикасы менен Севастополдун калкын жарандыгына карабай үч категорияга бөлүп койду. Биринчи категория - Крым жарым аралында туруктуу жашап, Орусия федерациясынын жарандыгын автоматтык түрдө алгандар. Экинчи топтогулар мамлекеттик кызматта иштегендиктен Украина жарандыгынан аргасыз баш тарткандар. Үчүнчүсү - ал жерде жашаганы менен расмий каттоосу болбогондор. Эң аярлуу категория мына үчүнчү топтогу адамдар жана алардын саны биздин эсепте жүз миңдин тегерегинде. Бул топтогуларга карата азыр Орусия федерациясынын чет элдиктердин макамы боюнча мыйзамынын нормалары колдонулууда. Биз такай байкагандай, бул адамдар Крымда үй-бүлөсү, мүлкү бардыгына карабай депортацияга кабылып жатышат, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде БУУ миссиясынын өкүлү Виталий Хилько.
Иликтөөчүлөр Крым аннексияланга чейин ал жердеги абак жайларда отургандардын укуктары да одоно бузулганын да мисалга тартышкан:
- Биздин баяндамада ошондой эле Крымдын тергөө абак отургандар Орусиянын пенитенциардык системасына мыйзамсыз которулган учурларды да каттоого алды. Аларга жасалган мамиле олуттуу тынчсыздануу жаратат. Крымдан Адыгейдеги абакка которулгандардын кеминде үчөө мерт болгон. Алар катуу ооруганда тийиштүү медициналык жардам көргөзүлгөн эмес, - дейт БУУнун Адам укуктары боюнча Украинадагы мониторинг миссиясынын башчысы Фион Фрейзер.
Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зеид Раад ал-Хусеин баяндаманын жарыяланышына тушташ таратылган билдирүүдө Крымдагы “адам укугун бузуулар үчүн жоопкерчилик” маселесинде чукул чаралар зарылдыгына көңүл бурду.
Кремл азырынча Улуттар уюмунун докладын комментарийлей элек. Бирок мамлекеттик ТАСС агенттигинин жазганына караганда, Орусиянын БУУдагы өкүлчүлүгү Украинадагы мониторинг миссиянын Крымдагы кырдаалды баалашын “легитимдүү эмес” деп санайт.