Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Иран Күртстандын чегинде аскердик машыгуу өткөрө баштады


Күртстандын Эрбил шаары
Күртстандын Эрбил шаары

Иран 24-сентябрда Ирактын Күрт автоном облусуна чектеш аймагында аскердик машыгуу өткөрө баштады. Бул машыгуу Ирактын түндүгүн байырлаган күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдумуна бир күн калганда өтүп жатат.

Ирандын мамлекеттик IRIB телеканалы Ошнавиех районундагы машыгууну 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушун эскерген жылдык иш-чаралардын бир бөлүгү деп мүнөздөдү.

Ал ортодо расмий Тегеран Иран менен Күрт автоном облусунун ортосундагы аба каттамдарын токтоткону белгилүү болду. Буга Ирактын өтүнүчү себеп болгону кабарланды.

25-сентябрда ирактык күрттөр расмий Багдад, Түркия жана Иран баштаган бир катар өлкөлөрдүн каршылыгына карабай көз карандысыздык боюнча референдум өткөргөнү турат.

XS
SM
MD
LG