Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Лондон метросундагы жарылуу үчүн жоопкерчиликти ИМ алды


Жардыруудан жараат алган аял күч кызматкери менен.
Жардыруудан жараат алган аял күч кызматкери менен.

Британия баш калаасындагы жардырууга "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алды. Жарадар болгон 29 кишинин 20сы ооруканада.

Өкмөт башчы Тереза Мэй билдирүү жасап, өлкө аймагында террор коркунучу жогорку чекте турганын айтты. Полициянын айрым ыйгарым укуктары убактылуу куралдуу күчтөргө өттү. Темир жол бекеттеринде, аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

15-сентябрда Лондон метросунун Parsons Green деген станциясында вагондо ташталган баштык жарылып, артынан өрт чыккан.

Sky News телеканалы тараткан кабарга ылайык, бомбаны калтырып кеткен адам видеокөзөмөл тасмасына түшүп калган. Анын тек жайы аныкталганы да айтылууда. Азырынча кармала элек.

XS
SM
MD
LG