Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Ооганстанда жанкечти Баграм базасына кире бериште өзүн жардырды


Баграм базасынын кире бериши
Баграм базасынын кире бериши

Ал мотоцикл менен Кабулдан 55 чакырым алыстыктагы АКШнын ири аскер базасына жакын келип, өзүн жардырган. Жардыруу үчүн жоопкерчииликти талибдер өздөрүнө алып, бул АКШда таратылган баракчалар үчүн өч алуу деп билдиришти.

АКШ жана Ооганстан бийликтери жардыруудан бир нече адам жарадар болгонун маалымдашты.

Баграм базасы жайгашкан Парван провинциясынын губернатору "согушкер базанын үчүнчү дарбазасында өзүн жардырганын" айтты. Ал эми НАТОнун миссиясы жардыруу базанын кире беришинде болгонун, жабырлануучулар бар экенин кабарлады.

Ал эми талибдердин өкүлү Забихулла Мужахед жанкечтинин чабуулунан "20дан ашуун жоокер өлдү" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG