“Улуттук улуу кеңеш” бийликтин талапкерине каршы чыкты
Оппозициячыл маанайдагы коомдук-саясий ишмерлер тобу “Улуттук улуу кеңеш” аттуу кыймыл түзүп, президенттик жарышта бийликчил талапкерге каршы биригүүгө чакырууда. Уюштуруу жыйынында саясатчылар жакынкы 15 күндүн ичинде элдик курултай өткөрүп, шайлоонун оош-кыйыштарын талкуулап, бийлик талапкерине каршы татыктуу талапкерди сүрөй турганын билдиришти. Бийликтер болсо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп жатат дешет.