Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Йемен Иранды хуси-шииттерин колдоп жатканы үчүн айыптады


Йемендин картасы.
Йемендин картасы.

Йемендин тышкы иштер министри Абдулмалик ал-Мехлафи Иранды өлкөдөгү жарандык согуштун уланышына өбөлгө түзүп, хуси-шииттерин колдоп жатканы үчүн айыптады. Нью-Йорктогу Улуттар Уюмунун кеңсесинде өткөрүп жаткан маалымат жыйында андан журналисттер "Тегеран маселенин чечилишине өз салымын кошо алабы?" деп сурашканда министр:

- Бул көйгөйдүн башкы себеби - Иран. Иран хусилерди колдоп, аларды мыйзамсыз жолдор аркылуу курал-жарак менен камсыздап жатат. Иран бул көйгөйдү чечмек турсун, анын башкы себеби болууда, -деп жооп берди.

Буга чейин хуси козголоңчуларына курал-жабдык жеткиргенин четке кагып келген Иран, Йемен министринин бул сөздөрү боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Саудиянын Улуттар Уюмундагы элчиси да Йемендеги кырдаал тууралуу сүйлөп жатып Иран боюнча терс пикирин билдирди.

- Иран аймактан чыгып кетиши керек. Ал бул чөлкөмдө эч кандай роль ойнобойт, - деди Абдалла ал-Муаллими.

Сауд Арабия башында турган араб мамлекеттеринин коалициясы Йемендеги жарандык согушта өкмөттүк күчтөргө абадан колдоо көрсөтүп келет. Өлкөдөгү жаңжал хуси козголоңчулары бийликти төңкөрүп, баш калаа Сананы ээлеп алган соң 2014-жылдын күзүндө башталган. Үч жылдан бери уланып жаткан согуш 10 миңдей жайкын тургундун өмүрүн алды. Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы бул мамлекетте таза суу жана азык-түлүк жетишпейт. Апрель айынан бери холера илдетинен көз жумгандардын саны 2000дей киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG