Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Трамп Шарлоттсвиллдеги окуяларды кескин айыптады


Президент Дональд Трамп Шарлоттсвиллдеги окуялар боюнча билдирүү жасоодо. Вашингтон, 14-август, 2017-жыл.
Президент Дональд Трамп Шарлоттсвиллдеги окуялар боюнча билдирүү жасоодо. Вашингтон, 14-август, 2017-жыл.

АКШ президенти 14-август күнү кабарчылар алдында жасаган билдирүүсүндө өткөн дем алыш күндөрү Виржиня штатынын Шарлоттсвилл шаарында болгон окуяларды “расизмдин жамандыгы” жана мунун атынан кыянатчылыкка баргандар “кылмышкерлер менен баш кесерлер” деп мүнөздөдү.

Ага катар Трамп “Ку-клукс-кланы, неонацисттер, ак расанын артыкчылыгы тууралуу идеянын жактоочулары жана жек көрүүчүлүктү козуткан башка топтор америкалыктар баалаган нерселердин баарына каршы экенин да" белгиледи.

12-август күнү Шартлоттсвилл шаарында ашынган улутчулдардын жүрүшүнө каршы нааразылыкка чыккандардын тобун автоунаа келип сүзгөндө бир адам өлүп, 19 киши жараат алган болчу.

Президент Трамп бул кыянатчылыктар боюнча баштапкы комментарийинде экстремисттердин атын атап айыптабаганы үчүн сынга алынган эле.

Ал 14-августагы билдирүүсүндө мына ошондой сындарды жумшартууга аракет кылгандай болду. Ал эми АКШнын бир нече шаарында ашынган улутчул топторго каршы нааразылыктар кечээ да уланып, атүгүл күчөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG