Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Аскарбеков УКМКга сурак берип чыкты


Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков Улуттук коопсуздук комитетинде сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү “Азаттык” радиосуна билдирип, козголгон кылмыш иш боюнча тергөөчүнүн суроолоруна жооп берип чыкканын, эч кандай басым болбогонун айтты:

- Саат 14тө киргем. Жаңы эле чыктым. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Сурак болду. Мен адвокатым менен кирдим. Азырынча иштин чоо-жайын тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу айтпай коё турмай болдук. Иш сотко өткөндө бардыгын айтып берем. Сурак эртең же бүрсүгүнү уланат деп айтышты. Тергөөчү эч кандай басым кылган жок. Сурак мыйзам чегинде өттү.

Аскарбеков Учкун-2 жана авиакырсыктан жабыркаган Дача СУ конуштарынын социалдык маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүп, бийлик алардын маселесин чечиши керек деген пикирлерин айтканы үчүн атайын кызматка чакырып жатышат болушу керек деп мурдараак айткан.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов жарандык активистке кылмыш иш козголгонун ырастаган. Анын айтымында, буга Аскарбековдун быйыл 20-июлда коомчулук алдында айткан пикирлери себеп болгон.

Мавлян Аскарбеков “Эркин эл” саясий партиясынын лидери, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү катары белгилүү. Ал буга чейин ар кандай социалдык маселелер боюнча акцияларды уюштуруп, бийликке кескин сын айтып келген.(RK)

XS
SM
MD
LG