Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Жалал-Абад шаарындагы эски көчөгө жазуучу Шабданбай Абдрамановдун ысымы коюлду


Шаардын Спутник аймактык башкармалыгына караштуу эски Индустриал көчөсүнө Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдрамановдун ысымы коюлду. Бүгүн жаңы көчөнүн ачылышы болуп, ага Абдрамановдун жакындары жана шаар жетекчилери катышты. Вице-мэр Айзат Раматилаева “Азаттык” радиосуна билдиргендей, шаардагы эски көчөнүн аталыштарын өзгөртүүнүн алкагында ушул көчөгө Абдрамановдун атын берүү сунушун шаардык кеңештин депутаттары колдоп берген.

Аэропорттун четинде жайгашкан бул көчө эки чакырымга созулуп, анда өнөр жай ишканалары жана бир топ мекемелердин кеңселери жайгашкан. Шаарда учурда Ивасишина, Островский, Олимпийский, Гагарин, Москва сыяктуу 10дон ашык негизги көчөлөрдүн аталыштары эски ат менен аталып келет.

Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдыраманов 1930-жылы 24-декабрда Сузак районундагы Кыз-Көл кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жазуучу “Гүлазык” “Дыйкандар” “Тагдыр” жана башка романдары менен белгилүү. (RsK)

XS
SM
MD
LG