Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Турук көмүр кенинде иш солгун жүрүп жатат


Нарын облусунун аймагындагы Турук көмүр кенинде иш солгун жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Турукта учурда эки компания көмүр казууда. Алардын бири «Кенч-строй» компаниясынын маалыматында айтылгандай, быйыл 15 миң тонна көмүр казуу пландалган. Аталган ишкана алдыдагы он күндө көмүр казууну сегиз миң тоннага жеткирерин билдирүүдө. Ал эми «Сардар» ишканасынын карьер башчысы Азамат Төлөнбеков бир жарым айдан бери тазалоо иштери жүрүп жатканын айтып, канча көмүр чыгарын алдын ала айтуу мүмкүн эместигин билдирди.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов ишканалар 15-августка чейин көмүр менен камсыздоо милдеттемесин алганын билдирген. Эгер ишти тездетип, келишимдерге ылайык убагында көмүр менен камсыздай албаса, мыйзам чегинде геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигине алардын ишмердигин карап көрүү үчүн сунуш берилет.

Облустун Жумгал районунда жайгашкан Кабак, Кара-Кече көмүр бассейнинен тышкары Ак-Талаа районундагы Турук көмүр кенинен Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын району жана Нарын шаарына көмүр ташылат. Аталган кенден 2015-жылы 21 миң тонна көмүр казылса, 2016-жылы ишканалар милдеттемелерди так аткарбай койгондугу үчүн 8 миң тонна казылып, былтыр кыш чилдеде нарындыктар көмүрсүз калган. (MiK)

XS
SM
MD
LG