Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Өзбекстан коңшулары менен жакын алакада болууну каалайт


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкенттин Борбор Азиядагы башка мамлекеттер менен тыгыз кызматташуу ниети бир экенин ырастады. Бул тууралуу ал 11-августта башталган эл аралык жыйында сүйлөп жатып айтты.

Камиловдун айтымында, президент Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден баштап "маанилүү суроолорду чечүү максатында" аймактагы бардык мамлекеттер менен тыгыз кызматташууну жактап келет.

Өлкөнү 25-жылдан ашуун убакыт башкарган мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун бийлиги маалында Өзбекстан коңшулары менен чек ара, суу жана башка маселелер боюнча келише албай келген. Каримов көз жумгандан кийин бийликке келген Мирзиёев коңшулары менен алакаларды оңдоо үчүн бир катар кадамдарды жасаганы айтылып келет.

Жума күнү Ташкентте башталган эл аралык жыйынга Улуттар Уюмунун, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жана бир катар эл аралык мекемелердин өкүлдөрү катышууда.

XS
SM
MD
LG