Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

Максим Бакиевдин ишиндеги күбө сотко келбегени үчүн жазаланды


Максим Бакиев.
Максим Бакиев.

Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев менен британ бизнесмени Шон Дейлинин ортосунда былтыр Лондондо өткөн соттук ишке келбей койгон күбө - Израилдин жараны Берти Синбетиге сот өкүмү чыкты.

7-июлда Лондондун Жогорку Соту Синбетини сотко күбө катары келбегени үчүн күнөөлүү деп таап, ага алты ай абак жазасын берди. Бул маалыматты британ бизнесмени Шон Дейли “Азаттыкка” ырастап, Синбетинин өкүмү 18 айлык шарттуу жаза болуп өзгөргөнүн кошумчалады.

Синбети 9-июнда Англиянын Жогорку Сотунун өтүнүчү менен Британияда кармалып, ал эмне үчүн соттун чакыруусуна карабай көрсөтмө берүүгө келбегени боюнча териштирүү башталган. Синбети Максим Бакиев коркутканы үчүн сотко келбегенин айтканы кабарланган.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн Кыргызстанга келген британиялык "Оксус голд" тоо-кен компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге 2006-жылдын 7-июлунда Бишкектин четинде кол салуу болуп, британ бизнесмени катуу жаракат алган.

Шон Дейли ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу аны өлтүрүүгө "буюртма берген жана кол салууну уюштурган" деп, Британиядан баш калка тапкан Максим Бакиевди сотко берген. Ошондой эле алган жарааты үчүн компенсация талап кылган.

Лондондун Жогорку Соту бул ишти былтыр июнь-июль айларында карап, жетиштүү далил жок деген жүйө менен Максим Бакиевди актаган чечим чыгарган. Баш-аягы 12 күбөнүн ичинде Максим Бакиевдин өз оозунан Шон Дейлини өлтүрүү жөнүндө укканын айткан израилдик ишкер Берти Синбети болгон. Бирок ал белгисиз себептер менен сотко келбей калган.

2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту британ бизнесменине кол салуу боюнча мурдагы президенттин иниси Жаныш жана кичүү уулу Максим Бакиевди өмүрүнүн аягына чейин сыртынан абакка кескен.

Лондондо өткөн соттук териштирүүдө Максим Бакиевдин жактоочулары бул иш боюнча коюлган айыптарды четке кагышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG