Буга президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында "РусГидронун" каскадды курбай эле эки жылга чукул тил эмизип келген деген сын-пикири негиз болду.
Мамлекет башчысы орусиялык компания менен макулдашууну жокко чыгаруу туура болгонун айтып, ал убакытты создуктуруу менен гана алектенип келгенин белгилеген болчу.
"РусГидронун" каскадды курарына башында эле ишенбеген саясатчылар президент ал компаниянын "оюнун" кеч түшүнгөнүн жана анын кесепетинен улам Кыргызстан жөн жерден эле 37 миллион долларга карыз болгонун белгилешти.
Кайым айтышуулардын учуру
Буга чейин ал компаниянын расмий сайтында Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча алган милдеттенмелердин аткарылбай калганы боюнча кыргыз тарап чайкоочулук мүнөздөгү маалыматтарды жайылтып жатканын айыптаган билдирүү чыккан. Анда "РусГидро" эч качан келишимди бир жактуу токтотууну көздөбөгөнү айтылып, коюлган доомат негизсиз экени жана жумшалган каражат кайтарылышы керектиги көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул компания эл аралык арбитражга кайрыла турганын эскерткен.
Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат
Шыкмаматов: Орусия доолаган карызын алат
Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча денонсацияланган кыргыз-орус келишиминдеги карыз боюнча орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. "Азаттык" 37 млн доллар боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы, ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматовду кепке тартты.
Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев орусиялык "РусГидро" компаниясынын соңку билдирүүсүнө карата жообун берди. Анда ал 37 миллион доллар чыгымды аныктоо боюнча эл аралык аудит өткөрүү сунушунан Орусия тарап баш тартканын белгиледи:
- Тилекке каршы ал компаниянын 2015-жылы каражаты жок болуп, курулушту каржылоо токтоп калган. Эми курулуш иштерине 37 миллион доллар кетти деп бизге беришкен. Бирок аны эч ким тааныган жери жок. Биз "РусГидро" компаниясына ошол чыгымдын чыныгы өлчөмүн аныктоо боюнча эл аралык көз карандысыз аудит өткөрөлү десек, алар баш тартып койду. Алар муну каалаган жок. Алар да, биз да сотко кайрылсак болот. Ал жактын сотко кайрылууга толук акысы бар. Бирок алардын курбаганы жана келишимдин шарттарын аткарбаганы - бул чындык.
Президенттин сын-пикири
2016-жылы январь айында кыргыз өкмөтү орусиялык "РусГидро" компаниясы менен Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча макулдашууну бир жактуу бузган. Ага аталган компаниянын курулушту кечеңдетип жатканы себеп болгон. Бирок ал компания ага чейин курулушка 37 миллион доллар салынганын билдирген болчу.
Кыргыз тарап жумушчулардын жатаканасынан башка ал жерде эч нерсе курула электигин жүйө келтирип, кеткен чыгымды аныктоо үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Орусия тарап андан баш тартып келген. Жакында өткөн маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев макулдашууну бир жактуу жокко чыгаруу туура болгонун айткан эле:
- Орусия менен болгон макулдашууну бир жактуу жокко чыгаруу чынында туура эле болгон. Анкени мына ошол орусиялык компания аны курбай турганына жеке өзүм да, президент Путин да ынанды. Ал тургай Жогорку Нарын каскадын гана эмес, Камбар-Ата-1 ГЭСин деле аягына чыгарууну башташмак эмес экен. Бул мурда болуп келгендей эле "бул биздики, ага тийбегиле" деген эле өнөкөт болгон экен. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча алгачкы макулдашуу 90-жылдары бекитилген. Мындан ары андай болбойт. Эгерде кимдир бирөө макулдашууну кабыл алып, аны Мамлекеттик Думасында бекитсе, бирок анын шарттарын аткарбай жатса, биз аларды карап отура бербешибиз керек. Биз АКШ же Орусия экен деп кол куушуруп тура бербей, Кыргызстандын кызыкчылыгын гана карашыбыз абзел.
Төрт жыл мурдагы божомол
2013-жылы өкмөт Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча орусиялык "РусГидро" компаниясы менен макулдашууга кол койгон болчу. Бирок мына ошол кездеги парламентте бул документти ратификация кылуу учурунда ошол мезгилдеги бир катар оппозициялык депутаттар ага каршы чыгышкан.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков ошол учурда эле каскад курулушу аягына чыкпай турганын эскерткенине карабастан документ парламенттен колдоо таап кеткенин төмөндөгүчө эскерди:
- Бул маселе боюнча президент Алмазбек Атамбаев кеч болсо дагы мен тарапка өткөнү аябагандай кубанычтуу. Мына ошол компания боюнча 2013-2014-жылдары мен парламентте көтөргөн маселелердин бардыгын бүгүн президент айтып жатат. "РусГидро" каскадды курбайт, кура турган ою дагы жок" деп мен ошол кезде эле айткам. Бул ошол кездеги Борбор Азия чөлкөмүндөгү Кремлдин геосаясий оюну үчүн ошондой карта керек болчу. Бирок биздин президент ошол оюндун маңызын учурунда түшүнгөн жок. Мына ошонун айынан жөн жерден эле Кыргызстандын моюнуна 37 миллион доллар илинип жатат. Бул жерде президент Атамбаев менен мына ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев дагы бар. Бул иш мына ушул эки адамдын чоң жаңылыштыгынан улам болду.
Буга чейин кыргыз өкмөтү менен "РусГидронун" ортосундагы жетишилген макулдашууга ылайык 37 миллион доллар карызды Жогорку Нарын каскадын кура турган жаңы инвестор төлөп бермей болгон.
Каскадды куруу укугу берилген чехиялык компания жаңы макулдашууга ылайык 50 күндүн ичинде 57 миллион доллар которо турганы көрсөтүлгөн. Анын 37 миллион доллары орусиялык тараптын карызына чегериле турганы жарыяланган эле. Бирок Жогорку Нарын каскадын 230 миллион долларга курууга убада берегн чехиялык Liglass Trading компаниясынын айланасындагы ызы-чуудан улам бул каражаттын Кыргызстанга которулары күмөндүү болуп турат.
Liglass Trading: 500 млн доллар салууга даярбыз