Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев 27-июлдагы маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2015-жылдын 1-январына карата 180 миң адам "кара тизмеде" болчу. 2016-жылдын 1-январында бул сан 118 миң болгон. 2017-жылы тизмедегилер 106 миңге кыскарды. Анын 53 миңи "кара тизмеге" соттун чечими менен кирген:
- Азыркы учурда биздин юристтер мунун үстүнөн иштеп жатышат, - деди Айдаралиев.
2013-жылы Орусия бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага кирген чет элдиктерге ар кандай мөөнөттө Орусияга кирүүсүнө тыюу салынат. (KR/NT)