Муундарга уланган энелер мурасы
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Кыздар-энелер” же "Мурас боюнча көркөм өнөр” көргөзмөсү ачылды. Мында жыйырма үй-бүлөдөгү муундардан муунга уланып келаткан кол өнөрчүлүктүн иштери эл сынына коюлду. Ага тогуз жаштан баштап токсон жаштагы уздар катышты. Көргөзмөнү “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурду.