Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:30

Шайлоо-2017: Садыр Жапаров талапкерликке арыз берди


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого талапкер катары каттоо тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдон арыз келип түшкөнүн бүгүн билдирди. Ал шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен катышат. Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова БШКга арыз берилгенин июлдун башында “Азаттыкка” билдирген.

Ушуну менен 20-июлга карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик жарышка катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 33кө жетти. Алардын бешөөнү гана партия көрсөткөн, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр.

- партия көрсөткөндөр

1. Темир Сариев - "Ак Шумкар" партиясынын лидери;

2. Бакыт Төрөбаев – “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери;

3. Турсунбек Акун – “Адам укуктары” партиясынын лидери;

4. Адахан Мадумаров – “Бүтүн Кыргызстан” паритясынын лидери;

5. Сооронбай Жээнбеков – КСДП партиясынын мүчөсү, Кыргызстандын премьер-министри;

- өзүн өзү көрсөткөндөр:

1. Назарбек Нышанов - "Лига-антикризис" борборунун төрагасы;

2. Өмүрбек Текебаев - "Ата Мекен" партиясынын лидери;

3. Арстанбек Абдыл​даев – жеке ишкер;

4. Бакыт Дегенбаев - Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;

5. Сайнидин Султанидинов - Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү;

6. Камила Шаршекеева – Борбор Азиядагы эл аралык университетинин ректору;

7. Таалатбек Масадыков - эл аралык эксперт;

8. Өмүрбек Бабанов – парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери";

9. Рита Карасартова - “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;

10. Турсунбай Бакир уулу - экс-омбудсмен, ЖК мурдагы депутаты;

11. Замира Муратбекова - пенсионер;

12. Санжарбек Энназаров – убактылуу жумушсуз;

13. Сагынбек Абдрахманов - "Сүймөнкул Чокморов" коомдук фондунун жетекчиси;

14. Мукар Чолпонбаев - адвокат,"Мукар и профи" адвокаттык ишканасынын жетекчиси;

15. Кубан Чороев - “Байыркы көчмөн цивилизациясы” фондунун жетекчиси, финансист;​

16. Анвар Сартаев - пенсионер;

17. Куттубек Бешбаков - "Империал Девелопмент" ишканасынын башкы директору;

18. Игорь Трофимов - «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы укук коргоо борбору» ЖКЧнын башкы директору;

19. Максатбек Жумабеков – убактылуу иштебейт;

20. Улукбек Кочкоров – убактылуу иштебейт;

21. Нусрет Муса-Оглы Мамедов - Мамедов Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти;

22. Руслан Жунусов – “Шматрица” ААКнын директору;

23. Шерикул уулу Мирлан – иштеген жери белгиленген эмес;

24. Арсланбек Малиев – “Аалам” партиясынын лидери;

25. Азимбек Бекназаров –Туруктуу элдик кеңештин төрагасы;

26. Токтобүбү Таласбаева – “Улуу чындык” коомдук фондунун төрайымы;

27. Дамира Токтосунова - “Дос Береке–1” ААКнын консультанты;

28. Садыр Жапаров –убактылуу иштебейт.

Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Азыр №1 тергөө абагында камакта.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ал эми талапкерлердин арызын БШК 1-августка чейин кабыл алат. (KЕ)

XS
SM
MD
LG