Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Немцовдун өлүмү: буйрук бергендер аталбады


Анзор Губашев менен Заур Дадаев Москванын аймактык аскер сотунда, 13-июль, 2017
Анзор Губашев менен Заур Дадаев Москванын аймактык аскер сотунда, 13-июль, 2017

Москванын аймактык аскер соту оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун өлтүрүлүшү боюнча ишти карап бүтүп, айыпталуучуларга өкүм угузду.

13-июлда Москванын аймактык соту арачылар саясатчыны өлтүргөн деп тапкан Заур Дадаевди 20 жылга кести. Лейтенант наамынан жана орденинен ажыратылып, ага 100 миң рубль айып cалынды. Анзор Губашев 19 жылга, анын иниси Шахид Губашев 16 жылга, Темирлан Эскерханов 14 жылга эркинен ажыратылды. Бешинчи айыпталуучу Хамзат Бахаевге 11 жыл берилди.

Өкүм чыгары менен Немцов тараптын адвокаттары сот чечимин жогорку инстанцияга арызданарын билдиришти. Адвокаттар саясатчыны өлтүрүүгө ким буйрук бергени жана буга эмне түрткү болгону ачылбай калганын кайталашты.

Борис Немцовду эскерүү
Борис Немцовду эскерүү

"Кылмыштын изи Рамзан Кадыровдун тегерегиндегилерге, бери дегенде эле Руслан Геремеевге барып такалганы тууралуу бул процесстен кийин эч кимде суроо деле болбойт”, - деди адвокат Вадим Прохоров журналисттерге.

Адвокаттар Темирлан Эскерханов менен Хамзат Бахаевге чыккан өкүмдү бузууга чечкиндүү аракет жасашарын дагы билдиришти.

​“Дадаевдин бул кылмышка тиешеси жоктугун көрсөткөн өзү жашаган үйдүн кире беришинен тартылган видео тасманы сот мыйзамсыз жана негизи жок эле далилдердин арасынан алып салган”, – деген Дадаевдин адвокаты Шамсудин Цакаев соттун чечимин арызданарын кошумчалады.

Буга чейин арачылар соту 2015-жылдын 27-февралында Дадаев Москвада Кремлге чукул жерде Борис Немцовдун артынан барып, алты жолу ок чыгарган деп тапкан.

Прокурор Дадаевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.

“Менин күнөөм жок. Аллах карап турганда прокуратуранын, тергөөчү Красновдун, ФСБнын, эч кимдин алдында башымды ийбейм” - деп айткан Дадаев сот залында туруп.

Ал кармалгандан кийин берген көрсөтмөсүндө кылмыш жасаганын мойнуна алганы менен кийин кыйноонун айынан ага барганын айтып, тагылган айыпты четке каккан.

Эскерханов, Ш.Губашев, А.Губашев, Дадаев сот залында, 12-июль, 2017
Эскерханов, Ш.Губашев, А.Губашев, Дадаев сот залында, 12-июль, 2017

Немцовдү өлтүрүүгө тиешеси бар деп айыпталган калган төртөө дагы күнөөлөрүн моюнга алышкан жок. Шадид Губашев менен Темирлан Эскерханов өкүмдү уккан соң алар эмнеге жазага тартылганын түшүнбөй турушканын айтышты.

Немцовдун үй-бүлөсүнүн адвокаттары Бахаевдин күнөөсү чындыгында эле далилденгенинен күмөн санашат.

29-июнда Москванын аймактык аскер сотунда 12 кишиден турган арачылар Чеченстандан чыккан жогорудагы беш кишини тең күнөөлүү деп тапкан.

Бул кылмышка тиешеси бар деп, Чеченстандын дагы бир тургуну Беслан Шаванов аталган. Ал 2015-жылы 7-мартта аны кармоо учурунда каза тапкан. Тергөө Дадаев саясатчыны атып өлтүргөндөн кийин Шаванов айдаган машинеге түшүп, качып кеткен деп аныктаган.

Расмий версия боюнча оппозициялык саясатчы диний жек көрүүнүн айынан өлтүрүлгөн. Тергөө Немцовду жок кылууга «Түндүк» батальонунун офицери Руслан Мухудинов буйрук берип, аны уюштурган деп тапкан. Ага эл аралык издөө жарыяланган.

Немцовдун жакындары «Түндүк» батальонунун командиринин орун басары Руслан Геремеевдин айдоочусу жана Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимхановдун тууганы Мухудинов мындай кылмышты уюштура алмак эмес деп эсептешет.

Алар Геремеевдин бул ишке тиешеси бар-жогун текшерүүнү талап кылып келишет. Бирок тергөөчүлөр Мамдуманын депутатын суракка алышкан эмес.

Реформатор саясатчы жана мурдагы биринчи вице-премьер-министр Борис Немцов президент Владимир Путинди жана Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровду ачык сындап жүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG