Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Евробиримдик Орусия Минск келишимин аткарат деген үмүттө


Лавров жана Могерини
Лавров жана Могерини

Евробиримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Федерика Могерини жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 11-июлда Брюсселде жолугуп, Ливиядагы кырдаалды, Перс булуңундагы чыңалууларды талкуулашты. Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасыздыгы, Түндүк Кореядагы абал, Украинанын чыгышындагы жаңжал тууралуу да сөз болду.

Чогуу өткөрүлгөн маалымат жыйынында Могерини көптөгөн суроолор боюнча тараптардын түрдүү көз карашы сакталып жатканын белгилеп, бирок маселе чечүү үчүн жалпы пикир зарылдыгын айтты. Евробиримдик менен Орусиянын мамилеси 2014-жылы орустар Крымды аннексиялап алгандан кийин бузулган. Брюссел Москва Минск келишимин аткарат деп үмүттөнүүдө.

Могерини Орусия жана АКШ президенттери Сириянын түштүк-батышында ок атышууну токтотуу боюнча Гамбургда жетишкен келишимди да белгиледи. Сергей Лавров Евробиримдик менен АКШны Башар Асаддын режимине каршы санкцияларды жокко чыгарууга чакырды. Анын айтуусунда, бул Сириядагы гуманитардык көйгөйлөрдү улам тереңдетүүдө.

XS
SM
MD
LG