Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:05

Садыр Жапаровдун адвокаты сотко ишенбестик көрсөттү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Жапаровдун коомдук жактоочусу Азиза Абдирасулованын билдиришинче, жараянда сот айыпталуучунун жана адвокаттардын өтүнүчтөрүн четке какты:

- Адвокат Шарабидин Токтосунов ишти карап жаткан судья Эмил Кайыпов укук бузууларга жол берип жатат деген негизде Жогорку Соттун Конституциялык палатасына арыз менен кайрылып, ал кабыл алынган. ​Кылмыш-жаза кодексине ылайык, судья териштирүүнү Конституциялык палатанын чечими чыкканга чейин жылдырып турушу керек эле. Бирок судья адвокаттарга, айыпталуучуга басым жасоо менен сотту улантты.

Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, буга байланыштуу адвокаттар жана Жапаров сотко ишенбестик көрсөтүшүп, судья ал өтүнүчтү да четке какты.

Бүгүнкү сотто Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурунку өкүлү Эмилбек Каптагаев жабырлануучу катары көрсөтмө берди. Ал судьянын "соттолуучу Садыр Жапаров менен мамилеңиз кандай?" деген суроосуна "мамилебиз өтө жаман, саясий душмандык мамиледебиз" деп жооп кайтарды. Садыр Жапаровдун "Мага дооматыңыз барбы?" деген суроосуна Каптагаев "менин эч кандай сизге дооматым жок" деп айтып, төрт жылдан бери ушул иш боюнча соттон башы чыкпай келатканын белгилеген.

Жогорку Кеңешке мурунку чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдөгү Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Азыр №1 тергөө абагында камакта. (NT)

XS
SM
MD
LG