Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Депутаттык комиссия Канат Исаевге иш мыйзамсыз козголгон деп эсептейт


Канат Исаев
Канат Исаев

Жогорку Кеңеште депутат Канат Исаевге байланыштуу түзүлгөн комиссия ага карата кылмыш иш мыйзамсыз козголгон деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна депутаттык комиссиянын башчысы Курманкул Зулушев билдирди:

- Ошол жерлер сатылсын деген токтомду Исаевге чейинки мэр чыгарган экен, шаардык кеңештин чечимдери бар экен. Исаев келгенде ошол токтомду аткарыптыр. Иш ал токтомду сот же мэрия аркылуу жокко чыгарбай туруп козголуптур. Биз болгону ушуну аныктай алдык. Башка материалдар жок да.

УКМКнын тергөө башкармалыгы Исаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш иш козгогону быйыл май айында белгилүү болгон.

Исаев Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп айыпталууда.

Ал өзүнө козголгон иш негизсиз деген пикирин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG