Сокулук районунда жайгашкан 19-абакта ачкачылык жарыялагандар түшүндүрүү иштеринен кийин тамак жей баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.
- Алардын талаптары мыйзамга туура келбей турганын өздөрү түшүндү.
Аталган абакта отурган 13 киши 27-июндан тартып жаңы эрежелерге нааразылыгын билдирип ачкачылык акциясын өткөрүп жатышкан. Алар менен дарыгер, психолог, социологдор иш алып барышты.
Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзгөчө режимдеги колония 2016-жылдан баштап иштеп баштаган. Азыркы учурда Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 300дөй адам бар. Алардын 56 пайызы биринчи жолу соттолгондор. (КЕ)