Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

"Ак-Кеменин" мурдагы жетекчилери өкмөттү сындап чыгышты


"Ак-Кеме" мейманканасы мамлекеттин карамагына 22-июнда өткөн
"Ак-Кеме" мейманканасы мамлекеттин карамагына 22-июнда өткөн

Бишкектеги "Ак-Кеме" мейманканасынын мурдагы ээлери бүгүн маалымат жыйын куруп, өкмөттү сындап чыгышты. Мейманкананын президенти Руслан Сарымсаков мамлекет "Ак-Кеме" мейманканасынын курулушуна акча берген эмес деп билдирди. Анын айтымында, Малайзиядан банк аркылуу алынган 2 миллион долларга мейманкана курулуп, курулушчулардын маянасы төлөнгөн. "Мамлекет кайсы акчаны салганын айтып жатканы түшүнүксүз" деди Сарымсаков.

Ал эми Мамлекеттик мүлк фонду аталган мейманкана мамлекет башка өлкөлөрдөн алган насыянын эсебинен курулганын ырастап келет. Аталган ишкана ар кандай чыр-чатактардын жыйынтыгында мейманканадан мамлекет пайда көрбөй жатат деген негизде "Ак-Кемени" 22-июнда өзүнө өткөрүп алды. Мейманкана жетекчилиги муну "рейдерлик басып алуу" катары мүнөздөп, эл аралык сотко кайрыла турган болууда.

“Ак-Кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Өкмөт өткөн айда аны өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG