Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Жалал-Абад шаардык кеңеши жыйынга чогула албай жатат


Жалал-Абад шаарындагы маалымат жыйын. 27-июнь, 2017-жыл.
Жалал-Абад шаарындагы маалымат жыйын. 27-июнь, 2017-жыл.

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги "КСДП", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Республика" партияларынан куралган "Жаңы Багыт " коалициясынын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйын куруп, азчылыкты түзгөн "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Журт" партияларын сессияга катышууга үндөштү.

Шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков "саясий амбицияларды токтотуп, мыйзам чегинде иштешүүгө" чакырды.

Көпчүлүк коалициянын сессиясы 29-июнга белгиленген. 23-июнда өткөн алгачкы сессияга азчылыктагы эки партия келбей койгондуктан өтпөй калган. "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата-Журт" партиялары көпчүлүк коалициянын сессия чакырууга укугу жок деген жүйөнү карманып жатышат.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде мурдагы чакырылыштын депутаттары да бириге албай март айында тараган. 28-майда кайра шайлоо өткөн. Калаанын 350 миллион сомдук бюджети жарым жылдан бери бекитилбей турат. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG