Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:13

Антропологдор менен этнографтардын шеринеси өтүүдө


Чок-Тал айылында этнографтар менен антропологдордун эл аралык илимий жыйыны өтүп жатат. 26.6.2017.
Чок-Тал айылында этнографтар менен антропологдордун эл аралык илимий жыйыны өтүп жатат. 26.6.2017.

Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Чок-Тал айылында этнографтар менен антропологдордун эл аралык илимий жыйыны өтүп жатат.

“Учурдагы Борбордук жана Ички Азия тарыхый жана маданий контекстте: Өз ара байланыштар, оозеки тарых жана изилдөө ыкмалары” деп аталган бул жыйын Кыргыз Антропологдор Ассоциациясынын төртүнчү ирет өтүп жаткан конгресси. Аны уюштурууга “Мурас” фонду, “Кереге” фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институту, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси өнөктөш болушту.

Быйылкы илимий жыйынга Кыргызстандын ар башка дубандарындагы этнолог, антрополог, археолог, тарыхчы адистерден тышкары, Германия, Польша, Монголия, Казакстандан жана Орусиянын Тыва, Хакасия, Алтай сыяктуу жумурияттарынан жана Томск университетинен тарыхчы, этнограф, социолог ж.б. илимпоздор катышууда.

Немис окумуштуусу Патрик Хэйди “Тууганчылык – Борбордук Азиядагы эстутум жана күнүмдүк тажрыйба катары” деген темада баяндама жасады. Варшава университетинин профессору Петр Залэнски 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхы Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын орто мектептеринин тарых китептеринде кандайча чагылдырып жатканына сересеп салды.

КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, этнограф, профессор Абылабек Асанканов 2010-жылдын июнундагы окуялар этностук эс тутумга кандай из калтырганын чечмелеп баяндады.

27-июнда соңуна чыга турган эки күндүк эл аралык илимий жыйын этнографтардын соңку илимий ачылыштарын ортого салуу жана болочокку орток илимий долбоорлорду түзүү үчүн дурус пайдубал болуп жатканын Кыргыз Антропологдор Ассоциациясынын жетекчиси Руслан Рахимов белгиледи.

(TT)

XS
SM
MD
LG