Караколдогу түнкү фестивал
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында “Кылым карыткан кыргыз кереметтери” этнофестивалы кыргыздын кол өнөрчүлүгүн жана улуттук тамак-аштарын көрсөтүү менен башталды. Ага аймактагы бардык райондордогу, шаарлардагы кол өнөрчүлөр, маданий кызматкерлер жана кыргыздын каада-салт, үрп-адат, маданиятын аздектеген жарандар чогулуп, өнөрүн көрсөтүштү.