Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:00

Атамбаев: Радикал ислам кийим сыяктуу майда-барат нерселерден башталат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиядагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө 21-июнда Москвадагы кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушуп, дин боюнча суроолорго жооп берди. Элди ислам менен араптын маданиятын алмаштырбоого чакырды:

- Ислам менен арабдын маданиятын чаташтырбагыла. Арабдын маданияты өзүнө буйрусун. Акты киеби, караны киеби, бул - маданият. Дин башка. Туура, кечээ Путин менен "тентектик" кылып койдум, бирок мен Курани Керимди беш-алты жолу ар бир сүрөсүн калем менен окуганмын. Курани Каримди окусаңар анда айтылган да. "Мен силерге Куранды түшүнсүн деп арабча берип атам" деген. Бул арабдар үчүн биринчи берилген, экинчиден аялдар хижаб кийсин, тиги-бу деген жок. Мен орусча котормосун окугам. Анткени, Валерия Прохорованын котормосу Сауд Арабиянын уламалар кеңеши тараптан бекитилиптир. Ал жерде хижаб кийгиле, айрыкча жанагы кара мүшөк кийгиле дегендин эч нерсеси жок да. Биз эң байыркы элбиз. Радикал ислам кийим сыяктуу майда-барат нерселерден башталат, - деди Атамбаев.

УКМКнын маалыматы боюнча, радикал-экстремисттик уюмдардын катарында Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашуун. (NT)

XS
SM
MD
LG