Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Тоолуу-Карабактын эгемендигин жактаган блогер соттолууда


Александр Лапшин.
Александр Лапшин.

Азербайжанда Орусиянын жана Израилдин жараны, интернет блоггер Александр Лапшиндин соту башталды. Бакунун олуттуу кылмыштар боюнча соту Азербайжандын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирди деген кине тагылган блоггердин ишин 22-июнда карай баштады.

Лапшин 2011- жана 2012-жылдары Бакунун уруксаты жок талаштуу Тоолуу-Карабак аймагына барганы үчүн, ошондой эле аймактын көз карандысыздыгын таанууга чакырганы үчүн айыпталып жатат.

Москвада жашаган орус тилдүү блогер Бакунун өтүнүчү менен декабрь айында Беларуста кармалган.

Беларус бийлиги Орусиянын каршылыгына карабай аны февраль айында Азербайжанга өткөрүп берген. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Азербайжандын бир бөлүгү, бирок армяндар көп жашаган Тоолуу-Карабакты Армения колдогон жикчилдер 90-жылдардын башындагы согуш учурунда ээлеп алган.

XS
SM
MD
LG