Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

АКШ Сириянын учагын атып түшүрдү


Ракканын Ал-Санаа району.
Ракканын Ал-Санаа району.

Сирияда АКШнын учагы президент Башар Асаддын өкмөтүнүн аскердик учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Сириядагы АКШ жетектеген эл аралык коалиция 18-июнда кабарлады.

Алардын расмий билдирүүсүндө Сирия режиминин СУ-22 учагы Ракка шаарынын түштүк тарабында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан коалиция күчтөрүнө кол салганы үчүн атып түшүрүлгөнү белгиленди.

Сирия армиясы Расафах айылынын жанында бир учак кыйраганын, пилоттун дайыны чыкпай жатканын, бул окуя террорчулукка каршы аракеттерге шек келтирерин билдирди.

Орус медиасы кабарлагандай, тышкы иштер министр Сергей Лавров Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоого үндөп, бир тараптуу кадамдардан карманууга чакырды.

XS
SM
MD
LG