Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Ташиев: Бизге бир башчы керек


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Ак шумкар” партиясынын курултайында сөз сүйлөгөн учурда билдирди. Ал президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген саясатчылардын атын атап, өлкөгө бир гана башчы керек экенин айтты.

- Бүгүнкү күндө коомубуз, партиялар майдаланып кетти. Биздин бийликтин жүргүзгөн саясатынын негизинде бардыгыбыз чачылдык, төгүлдүк, таландык дегендей. Эми ушунун баарын бириктире турган адам келиши керек. Мамлекетибизде элимди, журтумду башкарам, элге, журтка кызмат кылам, эртеңки келечегин аныктайм деген уул-кыздарыбыз жок эмес. Кыргызда ушуга чейин “өсөөр элге бир башчы, миң баатыр болот, өспөс элге миң башчы бир баатыр болот” деп айтылып келген. Мамлекетибиз кыйналып турган маалда, коопсуздук маселеси турганда, мамлекеттин келечегин аныктай турган маалда миңдеген баатыр керек. Бирок бир башчы керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерден документтерди кабыл алууну 15-июндан тарта баштады. Үгүт иштери 10-сентябрда башталып, 14-октябрда аяктоого тийиш.

Буга чейин Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров үчилтик тандемин түзгөн. Президенттик шайлоого аттануу жаатында үчөө акылдашып, аракет кылууну улантарын экс-спикер Акматбек Келдибеков "Азаттык" радиосуна берген маегинде айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG