Кыргызстанда президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү Жогорку Кеңеш колдоду. 14-июнда парламентте "Президентик шайлоону дайындоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кабыл алууну жыйынга катышкан 82 депутат колдоду.
Токтом долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 12-июнда жактырган.
Жогорку Кеңештин токтомунун долбооруна ылайык, президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалууда. Андан тышкары бул документте өкмөткө, мамлекеттик органдар менен мекемелерге шайлоонун өтүшүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар жазылган.
Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш шайлоого төрт ай калганда президенттик шайлоону дайындоого тийиш. (SE)